Кара-Көл шаарында мыйзамсыз ээленип алынган жерлер кайтарылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында мыйзамсыз ээленип алынган жерлер кайтарылып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Нуртилек Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз корголонуп алынган жерлерди аныктоо процесси 3-4 айга созулат.

«Мыйзамсыз берилген жерлер же мыйзамсыз өз алдынча ээлеп алган жерлер боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык жерлерди кайра кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Кээ бир аныкталган жерлер кайтарылып алынды. Аныктала элек жерлер боюнча иш жүрүүдө. Мамкаттоо, архитектура аркылуу барып, жерлер өлчөнүп жатат. Бул процесс 3-4 ай жүрөт. Жерлерди мыйзамсыз ээлегендерге 1 ай ичинде өздөрү коргологон жерлерин ачып, тазалоо боюнча эскертүү берилет. Болбосо мыйзам чегинде өзүбүз тазалоого туура келет», — деди Орозбаев.

——————————————————————

Кара-Көл — гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары. Шаар 1962-жылы 16-июнда кыштак катары түзүлгөн. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы жарлыгы менен облуска баш ийген шаар болуп кайра түзүлгөн.

Пример HTML-страницы

Шаардын аймагында Токтогул ГЭС каскады, «Достук заводу» ачык акционердик коому сыяктуу ири ишканалар жайгашкан. Ошондой эле университет, техникум, оорукана, мектептер, кафелер, дарыканалар жана башкалар бар.

Акыркы эл каттоо боюнча, Кара-Көл шаарында 27 миң 257 адам, анын ичинде шаарга караган Кетмен-Төбө айылында 2 миң 238 адам жана Жазы-Кечүү айылында 1 миң 971 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️