Кара-Көлдө милиция кызматкерлери жаштар менен жолугушту

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жаштар менен милиция кызматкерлери жолугушту. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, атайын жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, мэрия, билим берүү, социалдык өнүгүү, саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, шаардын имамы катышты.

«Жаштар менен болгон жолугушууда топтошуп мушташуулардын, суициддин, эрте никеге туруунун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адам өмүрүнө зыян келтирүүчү заттар жана алардын терс таасирлери боюнча маалыматтар берилди. Баңгизат колдонбоо керектиги жана анын мыйзам чегиндеги жоопкерчиликтери айтылды. Ошондой эле диний экстремизм, терроризмге байланыштуу талкуулар орун алып, жаштардын бир катар кызыктырган суроолоруна жооптор берилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️