Turmush — Кара-Көл шаарында июнь айында кызамыктын эки учуру катталды. Бул тууралуу шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Маалым болгондой, эки бейтаптын бири — Бишкек шаарынын тургуну, Кара-Көлгө конокко келип ооруп калган. Экинчиси Бишкекке барып, жуктуруп келгени аныкталган.
Жалпысынан 6 айга карата 26 учур катталган. Анын ичинен 9у эркек, 17си аял.
— 1 жашка чейин — 4;
— 1 жаштан 5 жашка чейин — 10;
— 6 жаштан 12 жашка чейин — 8;
— 26 жаштан 30 жашка чейин — 3;
— 55 жаштагы 1 адам катталган;
— ал эми ымыркайында пландык эмдөөдөн баш тарткандар — 15;
— эмдөөнүн мөөнөтүнө жете электе ооругандар (ымыркайлар) — 4;
— эмделгени же эмделбегени белгисиз — 3;
— убактылуу эмдөөсү жылдырылганы — 4 .
Кызамыкка каршы шаар боюнча 7 жашка чейинки балдар эмдөөдөн өтүүдө.
Ошондой эле көк жөтөл боюнча ушул күнгө чейин 36 учур катталган. Анын 17си эркек, 19у аял:
— 1 жаштан 4 жашка чейин — 18;
— 5 жаштан 9 жашка чейин — 9;
— 30 жаштан жогору — 1;
— пландык эмдөөдөн баш тарткандар — 32;
— убактылуу эмдөөсүн жылдырылгандар — 1,
— 1-2 доза (толук эмделбегендер) менен эмделгени — 3.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.