Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө 22 жаштагы Ырыскелди Салымбаев дайынсыз жоголду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 22 жаштагы тургуну Ырыскелди Салымбаев 8 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу анын атасы Медербек Салымбаев билдирди.

Анын айтымында, уулу 19-июнь күнү саат 15:00-16:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

«Балам бейчеки баспай, кишиге жаман сүйлөчү эмес. Үй-бүлө күтө элек. Аскердик кызматты өтөп келгенден бери мени менен чогуу ширетүүчү болуп иштечү», — деди ал.

Кечээ, 26-июнда кечинде изделип жаткан жигиттин жакындары видеокайрылуу жасады. Анда Ырыскелди Салымбаевди парктардан, суунун боюнан жана башка жерлерден издей турганын айтышкан.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2024-жылдын 21-июнь күнү Кара-Көл ШИИБге Кара-Көл шаарынын 1984-жылы туулган тургуну С.Э. арыз менен кайрылган. Ал 2024-жылдын 19-июнь күнү саат 16:00 чамасында уулу — Кара-Көл шаарынын 2002-жылы туулган тургуну Салымбеков Ырыскелди Медербекович үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирген.

Аталган окуя Кара-Көл ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Кара-Көл ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан ыкчам издөө ишин күчөтүп, жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктап табуу максатында издөө ишин ачуу боюнча материал жөнөтүлгөн. Ошол эле күнү издөө иши ачылып, тийиштүү ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, кашы-көзү, чачы кара, кара-тору жүздүү, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү спорттук бут кийим.

Изделип жаткан жаран тууралуу маалыматы барлар 102, (03746) 5-12-00, 0708 39 01 39 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE