Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө 1 күндө 3 өспүрүм дайынсыз жоголду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 3 өспүрүм изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2010-жылы туулган Мураталиев Нурислам Уланбекович, 2012-жылы туулган Мураталиев Нурмуханбет Өмүрбаевич, 2010-жылы туулган Мамбетов Замирбек Нурбекович 2023-жылдын 12-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жаткан боюнча дайынсыз жоголду.

Учурда балдардын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Нурислам Мураталиевдин белгилери: бою 1,35-1,40 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү куртка, көк түстөгү толстовка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара спорттук бут кийим.

Нурмуханбет Мураталиевдин белгилери: бою 1,25-1,30 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүндө кочкул кызыл түстөгү толстовка, астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү тапочка.

Замирбек Мамбетовдун белгилери: бою 1,45-1,50 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү куртка, көгүш түстөгү толстовка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда таманы ак-кара түстөгү спорттук бут кийим.

Изделип жаткан жарандар тууралуу маалыматы барлар 102, (03746) 5 12 00, 0704 92 76 66; 0708 39 01 39 телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX