Кара-Көлдүн Кетмен-Төбө айылындагы суу маселесин чечүүгө 69 млн сом бөлүнгөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан 60 чакырым алыста жайгашкан Кетмен-Төбө айылы көп жылдан бери таза суу таңкыстыгынан кыйналып келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, күнүнө 1 саат суу чыккан аймакта, быйыл жыл аягына чейин бул көйгөй чечилет. Мындай убада калаа башчысы менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн. Учурда суунун түтүктөрү тартылып жумуштун 70 пайызы аяктап калган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, таза суу чыгат деп кубанып жатышат. Алар буга чейин таза суу азабын тартышкан. Чакасын көтөрүп, суу талашкан күндөр артта калды деген ойлорун билдиришти.

Таза суу долбоору 2021-жылы ишке ашып, өлкө казынасынан 69 миллион сом каражат бөлүнгөн. Аймактагы 10 чакырым аралыкка суу түтүктөрү жаткырылып, жумуштун тең жарымынан көбү жасалып бүткөн.

Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгын башчысы Советбек Ниязалиевдин айтымында, Кетмен-Төбө айылындагы 450 кожолук таза суу көйгөйүн калаа башчысы менен болгон жулугушууда көтөрүшкөн.

Пример HTML-страницы
  • Кара-Көл шаарында 27 миң 257 адам, анын ичинде шаарга караган Кетмен-Төбө айылында 2 миң 238 адам жашайт. Учурда калаа тургундарынын 96 пайызы таза суу менен камсыз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️