Пример HTML-страницы

Кара-көлдүк Жылдыз айым мамлекеттен 100 миң сом алып, чакан ишкерлик баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну Жылдыз Төрөбек кызы социалдык келишимдин негизинде 100 миң сом алган. Ал учурда чакан ишкерлик менен алектенип жатканын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Жылдыз айым жолдошу менен 2022-жылы мамлекеттен 100 миң сом акча алып, уй сатып алган. Анын айтымында, учурда жашылча-жемиш сатып сатат.

«Буга чейин жеке менчик кафелерде ашпозчу болуп иштеп жүрдүм. Ал арада жолдошум менен Россияга барып иштеп келдик. Кийин жолдошум Россияга кетип, мен балдарымды карап, үйдө болдум. Ошентип ал да Россияга барбай калды. Балдарым жаш болуп, өзүм да үйдө отуруп калдым. Ошол кезде балдарыма жөлөк пул алууга социалдык коргоо башкармалыгына кайрылдык. Төрт айдай жөлөк пул алгандан соң социалдык келешим аркылуу 100 миң сом алуу сунушталды. Биз макул болуп, алгач мал (уй) алганбыз. Аны алган соң чөбү, жеми бар дегендей. Дароо эле көбөйбөйт. Дагы кошумча бизнес баштасакпы деп, дүкөндөрдөн ун сатып алып, лагмандын камырын чоюп, дүкөндөргө коюп, кошуналарга сатып, бул иш менен 3 айдай алек болдум. Ошентип ар жуманын алтынчы күнү боло турган чоң базарга чыга баштадым. Лагман камырына 5-6 түрдүү салат жасап кошуп, сатып жүрдүм», — дейт ал.

Жылдыз Төрөбек кызы ишкерликти кантип өздөштүрүп жатканын айтып өттү.

«Бара-бара көзөм болосуң» дегендей, бизнестин сырларын түшүнүп, жашылча сатып иштесе болорун билип, иштей баштадык. Сооданы айлантуу үчүн эл сыяктуу банктардан 20-30 миң сомго чейин насыя алып, мөөнөтүнө жеткирбей кайра төгүп, кайра андан көбүрөөк насыя алып, аны айлантып олтуруп, бизнести акырындык менен жөнгө сала баштадык. Жашылча сатуунун түйшүгү да көп экен. Мисалы, алгач бизнес баштаганда жашылчаларды дүңүнөн алып келүүдө бирөөнүн унаасы менен ташып келесиң. Ар биринин килограммына 5 сомдон төлөйбүз. Ошентип жүрүп, өзүбүз унаа алдык. Аракет кылса гана берекет болот экен. Дароо эле пайдасы болбойт. Ал үчүн чыдап, талыкпай эмгектенүү керек экен. Социалдык келишим аркылуу алган уй төлүн, сүтүн берип жатат.

Чакан бизнесибиз күнүмдүк керектөөбүзгө жетип жатат. Бизнесте дароо эле пайдага чыкпайсың. Азыр дагы кээде пайдага чыксак, бирде чыкпай калабыз. Жашылча тез бузулат. Ар кандай кардар болот. Элдин сөзү бар. Бири мактаса, бири жаман көрүп, сүйлөп кетет. Ошонун баарын көтөрө билүү керек экен», — деди ал.

Жылдыз айым орто билимдүү. Өзүнүн айтымында, тигүүчүлүк боюнча 3 айлык курс окуган. Бирок тигүүчү болуп иштеген эмес.

«Өзүмдүн тубаса талантым бар. Ал ашпозчулук. Ашпозчулукка окубай эле 13 жыл шаардын кафелеринде иштедим», — деди ал.

Кармааныбыз жолдошу менен 3 баланы тарбиялап жатат.

Социалдык контракт деген эмне?

Социалдык контракт — бул аз камсыздалгандыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы түрү. Аз камсыздалган үй-бүлөнүн каалоосу боюнча социалдык өнүгүүнүн аймактык органдары менен өз ара милдеттенмелер тууралуу макулдашуу түзүп, жөлөк пулдун жылдык же жылдык суммасынан 75% алса болот. Бул каражат мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү же майда ишкерликти өнүктүрүүгө жумшалса болот. Социалдык контрактка катышууну каалаган ар бир үй-бүлө социалдык адаптация программасын иштеп чыгып, аны социалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана көмөгү менен ишке ашырат.

«Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө» долбоору Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банктын тобуна кирет) тарабынан 30 млн долларга (кредит) каржыланган.

Кредиттик каражат 38 жылга 1,25 бир жылдык үстөк пайыз менен берилген.

Социалдык контракттын сунушталган стратегиясы республика жана Бишкек шаары («Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар) боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган. Социалдык жардам социалдык келишимдин негизинде 100 000 сом өлчөмүндө берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE