Кара-Көл шаарында маданият кызматкерлери сыйланды 

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чарада мэриянын ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды.

— Борборлоштурулган китепкананын директору Дамира Максуталиева;

— Борборлоштурулган китепкананын материалдык бухгалтери Сайкал Абдирасулова;

— «Энергетик» маданият үйүнүн музыкант-оператору Калысбек Каныбек уулу сыйланды.

Шаардагы маданият бөлүмүнө «Энергетик» маданият үйү, борборлоштурулган китепкана тармагы, балдар искусство мектеби кирет.

Энергетик маданият үйүндө КРнын эмгек сиңирген артисти Ж.Кочкоров, маданияттын мыкты кызматкерлеринен Апал Аликеева, Эшим Калыбеков, Айнура Садабаевалар эмгектенет. Бүгүнкү күндө аталган маданият үйүндө 12 кызматкер иштейт.

——————————————————-

2-ноябрь — Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Майрам 1995-жылдан бери белгиленип келе жатат.

1926-жылдын 2-ноябрында Кыргыз элдик драмасынын тарыхында биринчи болуп И.Токобаевдин «Кыйгылуу Какей» пьесасы коюлганын эске алып, ошондой эле маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүү максатында ушул майрам – Маданият кызматкерлеринин күнү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-июлундагы № 318 токтому менен белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️