Кара-Көл шаарында коллегиялык жыйын болуп, бир топ жетекчилерге эскертүү берилди 

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-ноябрь күнү шаардык мэрияда 9 айдын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага шаар мэри Нуртилек Орозбаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2024-жылдын 9 айында аткарылышы жана шаардын калкын жана экономика тармактарын 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы каралды.

Жыйында мэрдин орун басарлары жана бөлүм башчылар тарабынан 2024-жылда аткарылган иштер, көрсөткүчтөр боюнча маалымат беришти.

Финансы министирлиги тарабынан жеткирилген 2024-жылдын 9 айына такталган план активдер жана милдеттенмелерди, атайын каражатты кошуп эсептегенде 112,7 пайызга, же 19713 миң сомго ашык аткарылганы айтылды.

Электр отканаларын 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча пландын негизинде, капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Шаардык РЭТи жылуулук мезгилине даярдыгын билдирди.

«Кара-Көл жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого даяр экени айтылды.

Ошондой эле бир топ жетекчилерге эскертүү берилди.

Шаар мэри жыл жыйынтыгы менен кетирилген кемчиликтер жоюлбаса, жумушун аткара албаган жетекчилердин кызмат орду караларын баса белгилеп өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️