Кара-Көл шаарында III Элдик курултайга жөнөтүү үчүн эки делегатты тандап алышты

В городе Кара-Куль выбрали двоих делегатов на III Народный курултай Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында III Элдик курултайга катышуу үчүн эки делегат шайланды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, «Энергетик» маданият үйүндө жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Ага шаардык кеңештин депутаттары да катышты.

Жыйындын катышуучуларына курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоонун тартиби тууралуу айтылды. Делегаттарды шайлоого шаардын аймактык башкармалыктарынан 100гө жакын жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Сунушталган 10 талапкерге добуш берүү болуп, алардын экөөсү эң көп добушка ээ болду. Булар Калпакбаев Мирлан Калпакбаевич жана Азимжанов Алмазбек Азимжанович.

Катышуучулар ошондой эле Курултайдын делегаттары көтөрө турган маселелерди талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️