Пример HTML-страницы

Кара-Балтанын тургундары кварталдарга орнотулган отургучтардын сапатын сынга алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургундары кварталдарга орнотулган отургучтардын сапатын сынга алышты, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, отургучтар мэрия тарабынан орнотулууда. Шаардын бюджетинен жалпы 70 отургуч алып келүү пландалууда.

«Тургундар кварталдарда кандайдыр бир иштердин жасалып жатканына кубанычта. Буга чейин отургучтарды тейлөөчү уюм гана кое алат деп айтышкан. Бирок жаңы отургучтар канчага чейин жетет? Кээ бир жерлерге сапатсыз коюлган», — дешет Садовой көчөсүнүн тургундары.

Алардын айтымында, подрядчы уюмдун аталышын тактоо мүмкүн эмес болгон.

«Эмне үчүн бул иштер боюнча түзүлгөн «Универсал» муниципалдык ишканасынан башка уюмдар алектенет? Ошондой эле, иштер эмне үчүн сапатсыз жүрүп жатат. Шаардык кеңештин депутаттары комиссия түзүп, текшерүү жүргүзөт деп ишенебиз», — деп белгилешти шаардыктар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE