Кара-Балтанын «Манас» спорт комплексиндеги мейманкананын чатыры күйүп жатат (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде мейманкана өрттөнүп жатканын окуянын күбөлөрү Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 18-июлда саат 11:00 чамасында спортчулар жана машыктыруучулар жайгашкан мейманкананын чатырынан өрт чыккан.

«Акыркы эки айдан бери бул жерде капиталдык оңдоо иштери менен реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Балким электр зымдарында кыска туташуулар болгондур же ширетүүдө учкун чыгып кеткендир», — деп белгилешти күбөлөр.

Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Өчүрүү кургак аба ырайы жана шамал менен татаалдашат.

Ал ортодо ӨКМ саат 11:11 чамасында өрт болгон жерге Жайыл райондук №22 бөлүктөн 3 өрт өчүрүү бригадасы барганын билдирди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️