Кара-балталыктар Бишкекке барчу кичи автобустун жоктугун айтышууда. Бул жагдайдын себеби айтылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Балта шаарынын тургундары Бишкекке коомдук транспорт менен баруу кыйын болуп жатканын билдиришти.

Алардын айтымында, эртең менен жана кечинде кичи автобустар жүрбөй калды.

Turmush басылмасынын кабарчысы бул маселени тактоо үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазадагы «Абсолют-Авто» ЖЧКсына кайрылып көрдү.

«Бизде Кара-Балта—Бишкек каттамында 24 кичи автобус бар. Жакында биз дагы үч унаа коштук. Бишкектеги «Аймен» ЖЧКсы да бул каттамга 20 кичи автобус бөлүп берген. Жалпысынан Кара-Балта—Бишкек каттамына күнүнө 40тан ашык унаа кирет. Бирок ага карабастан коомдук транспорт дагы деле жетишсиз.

Негизги себеби — акыркы убакта жүргүнчүлөрдү ташуу көбөйгөн. Акыркы бир жылда кардарлардын саны эки эсеге өстү. Мурда адамдар мектептен жана жумуштан үйгө жана кайра кайтып келе жаткан белгилүү күндөрү гана жүргүнчүлөр көп болсө, азыр мындай абал күн сайын байкалат.

Пример HTML-страницы

Буга чейин биздин айдоочулар күнүнө 2 гана рейс жасашса (катуу чарчап калышу), азыр ар бир айдоочу 3 рейске чыгат. Айдоочулар жетишсиз, иштөөгө каалоочулар жок. Учурда Кара-Балта—Бишкек багытында жол кире баасы бир кишиге 75 сомду түзөт. Бул май куюуга, тетик сатып алууга, керектүү документтерди алууга араң жетет, бирок айдоочулар үй-бүлөлөрүн багышы керек да. Үч жылдан бери биз жол кирени көтөрүү жолун издеп жатабыз, бирок азырынча ошол бойдон калууда», — дейт «Абсолют-Авто» ЖЧКсынын директору Искра Лю.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️