Кара-балталык бир туугандар каратэ боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло медалга ээ болушту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Балта шаарынын каратэчилери эл аралык турнирде алтын жана коло медалдарга ээ болушту.

Ысык-Көлдө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын алдыңкы спортчулары катышкан WKF каратэ боюнча биринчи эл аралык «Kyrgyzstan open-2024» турнири өттү.

Катышуучулардын арасында Кара-Балта шаарынын тургундары – “Барс” клубунда машыккан бир тууган Артем жана Екатерина Руренколор бар.

Кумитэ боюнча 18+ жаш категориясында жана +68 кг салмакта күч сынашкан Екатерина финалдык беттешти жардырып жиберди. 25 секундга жетпеген убакытта ал 9:0 эсебинде жеңишке жетип, 1-орунга ээ болду. Бул жеңиш ал үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени бир нече ай мурун Казанда өткөн БРИКСтин спорттук оюндарында беттештин финалында Өзбекстандын спортчусуна бир гана упай алдырып, 8:7 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген.

Анын иниси Артем да сыйлыксыз калган жок. 10-11 жаш курактагылар арасында биринчи жолу мелдешке катышып, ката боюнча өз чеберчилигин көрсөтүп, 3-орунду камсыздады.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️