Пример HTML-страницы

Кара-Балтадагы «Соловушки» тобунун солисттери эл аралык сынакка катышып, олжолуу кайтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарындагы «Соловушки» тобунун солисттери эл аралык көп жанрлуу сынакка сырттан катышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, сынак 2024-жылдын 1-мартынан 9-майына чейин Крым Республикасынын Маданият министрлигинин колдоосу менен өткөн.

Уюштуруучулардын айтымында, сынактын номерлери «Вокалдык искусство», «Музыкалык-аспаптык искусство», «Хореографиялык искусство», «Театр искусствосу», «Сценарий жазуу жана режиссёрдук чыгармачылык», «Көркөм жана прикладдык искусство» номинациялары боюнча катышуучулар тарабынан сунушталды. Сынакка Россия, Кыргызстан, Беларусь, Армения, Казакстан жана Италиядан келген жаш таланттар катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча «Вокалдык искусство» номинациясында Кара-Балта шаарынын тургундары — Самина Закирова «Катюша» ырын аткарганы үчүн, Анастасия Гриб «Келгиле, Тура берсин» ыры үчүн Анастасия Гриб жана Сафина Самиева «Дарки» ырына, Сафина Самиева «Фронттон кат» ырына 1-даражадагы жеңүүчү болушту.

«Вокалдык искусство» номинациясында Айдана Эгембердиева «Тальяночка» ырын аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Жанайым Дегенбаева жана Алан Ренатова «Үч танкист» ыры үчүн 1-даражадагы жеңүүчү болушту.

Лауреаттарга дипломдорду тапшыруу «Соловушки» ансамблинин отчёттук концертинде болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE