Пример HTML-страницы

Кара-Балтадагы мектепте окуучулар бийиктиги 1 метрди түзгөн калпак жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандагы расмий ак калпак майрамына карата Кара-Балта шаарындагы №3 орто мектепте окуучулар кыргыздын улуттук баш кийимин чоң көлөмдө тиктирип беришти, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Анын бийиктиги 1 метрди түзөт. Кыргыз тили мугалими А.Күрөңкееванын жетекчилиги менен 7-класстын окуучулары тарабынан даярдалган. Аны жасоо үчүн 4 сүрөт кагазы, ошондой эле синтетикалык кыштоочу жана орнамент үчүн кара кийиз керектелет. Мугалим балдар менен 3 күн калпактын үстүндө иштешти», — деди мектептин директору Элмира Шабралиева.

5-март — Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Бул күн 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. Анда ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай иш-чараларга катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE