Пример HTML-страницы

Кара-Балтадагы кафеге барган тургун маданий шокко кабылып, ал жерден шашып чыгууга мажбур болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Балта шаарындагы кафелердин биринде бийлеген аниматор жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратты, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Кечээ биз балдарыбыз менен Кара-Балта шаарынын жогору жагында жайгашкан кафеге бардык. Ал жерде жаштар бир майрамды белгилеп жатышкан экен. Алардын көңүлүн өзгөчө костюм кийген аниматор кыз буруп жатыптыр.

«Тирүү куурчак» эркектерге тийишип, аларга куурчактын формасын кармалоого мүмкүнчүлүк берип, ары-бери басып, бийлеп жатты. Биз маданий шокко түшүп, ал жактан кетүүгө шаштык. Буга кандайча жол берилди? Бул коомдук жай, Кара-Балта шаарынын борбору. Мындай “шоуго” нааразы болуп жатабыз», — деди окуянын күбөсү.

Социалдык тармактарга тараган видеону Кара-Балта шаарынын тургундары катуу талкуулап жатышат. Көпчүлүк тургундар мындай шоуну ата-энелер, балдар эс алган коомдук жайда көрсөтүү шаардыктарды кемсинткендик деп эсептеп, нааразы болушууда.

Ошол эле маалда социалдык тармактын колдонуучуларынын айрымдары кафенин жетекчилигинин бул тууралуу кабары жок экенин, эл каалагандай эс алууга укуктуу экенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE