Кара-Балтадагы дарактарда буржуктар пайда болду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында айрым дарактарда өзгөчө козу карындар пайда болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бак-дарактардагы козу карындар ачык сары түстө, алар өзгөчө жемишке окшош.

Ал эми биолог адис Ирина Стежконун маалыматына караганда, бул козу карын — буржук (жыгачка жабышып өсүүчү така формалуу мите козу карын).

«Жаш козу карындарды тазалагандан кийин жегенге болот. Анын жыты жагымдуу, даамы кычкыл. Тамак-ашка колдонуу үчүн жаш козу карындарды терүү керек. Жаш бужуктар салат, суп, куурулган тамак-аштар үчүн колдонулат. Түндүк Американын айрым райондорунда аталган козу карындарды «жыгач жөжө», «тоок этинен козу карын» же «токой крабы» деп аташат.

Буржукту вегетариан ашканасында эттин ордуна колдонсо болот. Аны тоңдурулган түрүндө көп убакытка сактоого болот. Бул азыкта иммундук системага жакшы таасир берген биологиялык активдүү заттар бар. Мындан тышкары вирустарга каршы касиетке ээ», — деди адис.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️