Turmush — Украинада Кыргызстанда төрөлгөн жаран — 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду. Анын сөөгүн Чүй облусунун Кара-Балта шаарына алып келишти.
Маркумдун жакындарынын айтымында, Рустам Зарифулин 14-мартта Украинанын Харьков облусундагы Изюм шаарындагы аскердик операция учурунда көз жумган. Ал аскердик операцияга курамы 12 кишиден турган өзүнүн бөлүмү менен катышкан. Рустам Зарифулин капитан болгон. Колонна Изюм шаарын «тазалоого» багыт алган. Колоннанын алдында танкттар жана брондолгон транспорттор тизилген. Алардын биринде Рустамдын да отряды бар болчу. Колоннага ок атышкан. Келишим боюнча аскердик кызмат өтөп жаткандар Рустам менен кошо каза болду.
Рустам Зарифулин Равиль Зарифулиндин жалгыз уулу болчу. Бүгүн ал 26 жашка чыкмак, 1996-жылы 26-мартта төрөлгөн.
«Ал абдан камкор уул, бокс боюнча спорт чебери болчу. Аскер адамы болууну кыялданчу. 2016-жылы Свердлов облусуна кетип, аскердик кызмат өтөп, андан кийин 5 жылга келишим түзгөн. Бул мөөнөт аягына чыккандан кийин келишимди дагы 5 жылга узарткан», — деди жакындары.
Рустам Зарифулин 2022-жылы январь айында Кыргызстанга келип кеткен. Ал апасын Россияга алып барып, операция жасатууну убадалаган.
Маркум эртең, 27-мартта акыркы сапарага узатылат.
-
Буга чейин Орусиянын армиясында кызмат өтөгөн 20 жаштагы этникалык кыргыз Дорбоев Эгемберди Бекказымович 22-мартта Украинадагы согуш учурунда каза болгону белгилүү болгон. Эгемберди жакында эле Норильск шаарына көчүп барган. Норильск шаарынын мэри Дмитрий Карасев билдиргендей, 2021-жылы күзүндө аскерге чакырылып, андан соң келишим түзүп, Россия Федерациясынын Белгород облусунда өзүнчө чалгындоо батальонунда кызмат өтөгөн.
-
Каза болгон жигиттин сөөгү 24-март күнү кечинде Канттагы авиабаза аркылуу жеткирилген. Ал Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында акыркы сапарга узатылып, жерге берилген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.