Пример HTML-страницы

Кара-Балтада ымыркайдын сөөгү күздөн бери жерге бериле элек. Милиция үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балтадагы өлүкканада 2022-жылдын күз айынан бери жаткан ымыркайдын сөөгү жерге бериле элек деген маалымат боюнча Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы жооп берди.

2022-жылдын ноябрь айында Кара-Балта шаарынын тургуну Г.О. кош бойлуулуктун 20-жумалыгында Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жаткырылган. Ал жерде эрте төрөт болуп, ымыркайы чарчап калган.

Бардык зарыл болгон процедуралардан кийин баланын сөөгүн каза болгон жарандарды көмүү менен алектенген «Универсал» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жерге беришти. Анткени ымыркайдын сөөгү туугандары тарабынан талап кылынган эмес.

Бул факт боюнча райондук милиция тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, ооруканадан чыгарылгандан кийин туугандары да, Г.О. да баланын сөөгүн алып кетпегени белгилүү болгон. Мындай аракеттин себебин алар каражаттын жоктугу менен түшүндүрүшкөн.

Буга чейин оорукананын патологоанатому Нурбек Аширбаев: «Ымыркайдын сөөгү боюнча тиешелүү кызматтарга кабарланган. Бирок сөөктү жерге берүү иштери жүргүзүлө элек», — деп Turmush басылмасына билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE