Кара-Балтада «Тойота» унаасын поезд сүзүп кетти. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында жеңил унааны поезд сүзүп кетти.

Күбөлөр Turmush басылмасына билдиргендей, окуя бүгүн, 12-ноябрда саат 16:30 чамасында болгон. Түндүктөн түштүктү көздөй бара жатканда «Тойота RAV4» үлгүсүндөгү унаа Т.Владимирова көчөсүндөгү темир жолдо поезд менен кагышкан. Унааны 1999-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан. Ал башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Айдоочу алгачкы медициналык жардам алгандан кийин окуя болгон жерге келди. Учурда жеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️