Кара-Балтада ММА боюнча шаардын ачык чемпионаты өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында ММА боюнча шаардын ачык чемпионаты болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, мелдешке 8 жаштан 16 жашка чейинки жүздөгөн спортчу катышты.

«Жигиттер 6 айдан бери машыгып келген элементтерди жана комбинацияларды таза кармашта көрсөтүштү. Биз 2024-жылдын жаз-жай мезгилдеринде ММА боюнча бир катар турнирлерди өткөрүп жатабыз. Анын жүрүшүндө катышуучулар алдыдагы облустук жана республикалык мелдештерге даярданышат. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдү жайкы каникулда спорттук мелдештер менен алек кылуу абдан маанилүү. Алар эч нерсе кылбай жаткандан көрө, килем үстүндө күрөшүшсүн», — дейт Кара-Балта шаарынан келген машыктыруучу Максим Гребенников.

Мелдештин калысы Никита Клименконун айтымында, килемде кошумча коргоочу каражаттар түзүлүп, ал өз кезегинде ар кандай жаракаттарды болтурбай, жаш спортчуларга өздөрүнүн техникалык чеберчилигин көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️