Кара-Балтада мектептин жанындагы жол чырак 1 айдан бери иштебей жатат

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында мектептин жанындагы жол чырак иштебей жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бишкек—Чалдабар унаа жолунун боюнда жайгашкан №1 мектептин жанындагы негизги жол чырак 1 айдан бери иштебей турат. Мектептин жетекчилиги бардык жерге кайрылып, бирок маселе чечилген эмес.

Директор Замира Балбакованын айтымында, бул көйгөй боюнча мэрия жана Транспорт министрлиги кабардар. 31-марттан тарта төртүнчү чейрек башталып, окуучулар мектепке келе баштайт. Алар өткөн жерде жол чырак иштебей жаткандыктан кооптуулук жаралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️