Кара-Балтада мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдери арасында сынак өттү 

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин окутуучулары арасында «Кесиби боюнча мыкты» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кара-Балта шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн директору Гүлнара Түлөнованын айтымында, мелдешке сүрөт искусствосу, театралдык чыгармачылык, экология жана туризм, тез окуу жана башка багыттар боюнча чоң тажрыйбасы бар 7 мугалим катышты.

«Мугалимдер ийримдин маңызын, ата-энелер менен өз ара иштөөнү, ошондой эле тарбиялык жана окуу иштерин ачып берген программаны электрондук форматта сунушташты.

Аталган сынак Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен жыл сайын өткөрүлөт. Бул сынак мектептен тышкаркы уюмдардын жогорку квалификациялуу адистеринин курамын түзүүгө, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга жана таланттуу балдарды табууга багытталган», — деди ал.

Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, мектептен тышкаркы билим берүү боюнча куратор Кундуз Абдраеванын айтымында, облус аймагында 9 билим берүү борбору бар.

Пример HTML-страницы

«Акыркы 5 жыл аралыгында чоң жетишкендиктерди жаратып, КМШ жана республиканын деңгээлинде бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеп келебиз. 2024-жылы Чүй облусунун тарбиялануучусу Польшада мектептен тышкаркы билим берүүнүн катышуучуларынын арасында 1-орунду ээлеген. Ал эми Жайыл районунун тургуну Алан Абдыжапаров робот техникасы боюнча чет элдик катышуучулардын арасында байгелүү орунга ээ болду.

Белгилей кетсек, дал ушул Кара-Балтада робот техникасы мугалимдердин жана жетекчинин жардамы менен көптөгөн ийгиликтерди алып келишүүдө. Алар өзүнүн кесипкөйлүгүн, квалификациясын жогорулатып, өзүн-өзү өнүктүрүү менен гана алектенбестен, өз каражатына жабдууларды алып, балдарды ар кандай мелдештерге жана конкурстарга алып барышат.

Кошумча билим алуу — бул баарына жеткиликтүү болгон маанилүү аспект. Анткени сабактар акысыз өткөрүлөт. Бул жерге балдар мектепке чейинки куракта келишет. Билим берүү борборлорунда бала негизинен мектепке даярдануу, базалык билимге ээ болушат. Окуу борборлорундагы экинчи этабы ар тараптуу билим берүү, кесиптик өсүү жана балдарда чыгармачылык көндүмдөрдү ишке ашыруу. Чүй облусунда мектепке чейинки билим берүүгө жалпысынан 50гө жакын мугалим эмгектенет.

Ал эми сынакта окуучулардын да, мугалимдердин да кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүүчү чыгармачыл ойлор аркылуу билим сапатына басым жасоо менен өз тажрыйбалары жана жөндөмдөрү менен бөлүшүү. Анан сынактын республикалык этабына тандоо жүргүзүлөт. Анда портфолиодон тышкары катышуучулар бейтааныш аудиторияда ачык сабак өтүшөт», — деди ал.

Беловодск айылындагы балдардын чыгармачылык борборунун көп жылдык тажрыйбасы бар театр искусствосунун мугалими Валерия Вислепская балдар кайсы гана ийримге болбосун мактоо угуу үчүн келишээрине ишенет.

«Эгерде мугалим өзүнүн ийримин монотондуу жана бирдей калыпта эле алып бара берсе жана тапшырмаларды жана үй сабактарын аткарууну гана талап кылса, бала мындай сабактардан бала бат чарчайт жана кайра келүүгө болгон каалоосу жоголот.

Менде бир бала бар болчу ата-энеси ар кандай ийримдерге — менталдык арифметика, спорт, музыка жана башка жактарга алып барышыптыр. Кокустан ал мага келди. Бирок атасы театр ийримине баруу эркек балдар үчүн эмес деген реакция кылды. Мен атасынан бир аз убакыт берүүнү сурадым. Азыр ал бала сабакка сүйүнүү менен келет.

Күнүмдүк жашоонун түйшүгү менен бири-бирибизге көңүл бурууну, мактоону унутуп коебуз. Эгерде тарбиячы менен жолукканда бала жашынып, ага кучак жайып чуркап келбесе, анда ал бул ийримге катышкысы келбейт жана кызыкпайт. Балдар менен иштөөнүн бир нече негизги эрежелери бар.

Биринчиси — баланы бат-баттан мактап, анын жөндөмүн жана жетишкендиктерин баса белгилөө зарыл. Бул тарбиячыларга гана эмес ата-энелерге да тиешелүү. Балага анын мыкты экенин көп айтуу зарыл.

Экинчиси — чектен чыкпай, баланын досу болуш керек. Бир нерсени жасоодо балаңыз сизден да жакшы жасап жатканын айтуудан коркпоңуз.

Үчүнчүсү — мугалим ийримдин көңүл ачуучу функциясы бар экендигин унутпашы керек. Муну көпчүлүгү унутуп калышат. Бирок ал мугалим менен окуучунун ортосундагы өз ара жакшы мамиленин куралы боло алат.

Азыр ийримдерде балдар ойношпойт. Болбосо кесүү жана тигүү ийрими болсо дагы, алар жомоктогу каармандарды өздөштүрүп, жомоктун сюжетине сүңгүп кетишет. Менин сабактарымда оюндун элементтери дайыма болуп турат. Биз топ ойноп таанышабыз жана балдардын «Мафия»оюнун жакшы көрөбүз. Эгерде мугалим өз иши сүйбөсө, анда балдар сабактарга болгон кызыгуусу жоголот. Коркконунан алар мейли бир жолу, экинчи жолу сабагын окуп келишет да, үчүнчү жолу келбөөгө 1000 себеп жана шылтоо табышы мүмкүн. Ийрим — бул ыктыярдуу окуу. Баланы индивидуалдуу иштөө менен жана оюн элементтери менен гана кармоого болот», — деди Валерия Вислепская.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

1-орун — А.К.Абылгазиева (Токмок шаары);

2-орун — Е.В.Криволапова, Ч.З.Абжунушева (Сокулук району), В.Ш.Вислепская (Москва району);

3-орун — В.М.Седлова (Жайыл району), В.М.Пенкина (Чүй району).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️