Кара-Балтада эттин баасы кымбаттады. Себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында эттин баасы кымбаттады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Эт павильондорунда уй этине төмөнкү баалар белгиленет: уй эти — 720 сом, сөөк жана фарш кошулган эт — 520 сом, жүрөк жана боор — 280 сом.

«Баа бир ай мурун акырындык менен көтөрүлө баштаганына карабай, азыр гана баанын көтөрүлүшүн байкашты. Күн сайынбы же эки күндөрдө 10 сомго кымбаттады. Натыйжада бир айдын ичинде 80 сомго кымбаттады. Жылкы этинде да абал ушундай. Мунун эмне менен байланышы бар экенин так билбейбиз. Бирок азыр сезон деп айтышууда, эт коңшу өлкөлөргө экспорттолуп жатат», — деди сатуучу.

Супермаркеттердин эт бөлүмдөрүндө 1 кг эт 795 сом, моюн бөлүгү 655 сомдон сатылууда. Төмөнкү базардын ичинде эт эң арзан баада сатылат. Ал жерде уй эти 530 сомдон, койдун эти 570 сомдон сатылууда.

«Мен бааны 10 сомго гана көтөргөм, анткени бул убактылуу нерсе, эт жакында арзандайт деп ойлойм. Азырынча 530 сомдон сатып жатам. Мага этти Токтогулдан алып келишет», — дейт базардын ичиндеги сатуучу.

Пример HTML-страницы

Эгерде дүңүнөн сатып алуу тууралуу айта турган болсок, бүгүнкү күндө уй эти 550 сомдон 570 сомго чейин, жылкынын эти семиздигине жана жашына жараша 1 кг 500 сомдон 520 сомго чейин сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️