Кара-Балтада аз камсыз болгон 31 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында 31 үй-бүлөгө жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон берилди. Бул тууралу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сертификаттарды тапшыруу аземинде вице-мэр Рыскулбек уулу Нурмат социалдык келишим материалдык колдоо гана эмес экенин айтты.

«Бул биздин жарандардын жөндөмдүүлүгүнө болгон ишеним. Биз ар бир адамда ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү бар деп ишенебиз жана потенциалды ачууга жардам беребиз. Программа каражат бөлүүнү гана эмес, консалтингдик колдоону, окутууну, бизнес-пландарды иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү да карайт. Берилген ресурстарды ар бир үй-бүлө натыйжалуу пайдалануусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулабыз», — деди ал.

Жалпысынан социалдык контрактты ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 8 үй-бүлөгө 100 миң сомдон, республикалык бюджеттен 23 үй-бүлөгө 100 миң сомдон (анын ичинен 9 үй-бүлөгө май айында берилген), жалпы 31 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү.

Жогорудагы иш-чара Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️