Кара-Балтада акыркы мезгилде бекер түшкү тамактанууга жаштар да келе баштады

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында акыркы мезгилде бекер түшкү тамактанууга жаштар да келе баштады, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү мекеменин социалдык кызматкери Нурдин Акматов айына эки жолу бардык муктаж болгондорго ысык тамак даярдайт. Бул жерге баш калкалоочу жайдын тургундары гана эмес, жөнөкөй жарандар да келишет. Алар негизинен жалгыз бой карылар, орто жаштагылар, жумушсуздар. Быйыл балалуу аялдар да келе башташты. Алардын биринин 9 айлык баласы бар. Ал эч жерде иштебейт. Үй-бүлөнүн жалгыз кирешеси — күйөөсүнүн күнүмдүк жумушу.

«Карантин маалында иштеген жокпуз. Муктаждарга жарым жылдай тамак-аш даярдаган жокпуз. Иш бир нече ай мурун кайра жанданды. Жалгыз бой карыларды 2002-жылдан бери багып келебиз. Алардын саны азайып калды. Мурда 30-35 адам келсе, азыр 10-15 карыя келет. Көбү менен мурунтан эле таанышпыз, дайыма келип тургандар бар. Бирок жаңылары да бар. Кырдаал башкача өзгөрдү. Жаштар да пайда болду. Быйыл жашы 30дан ашкандарды көрүп жатабыз. Шаарда жашоо кыйындады. Түшкү ысык тамак үчүн кезекте балалуу аялдар да бар. Алардын бири буга чейин биздин баш калкалоочу жайда жашап, турмушка чыккан. Күйөөсү экөө ижарага батир алышат. Бирок, акчасы аздык кылат окшойт. Ысык түшкү тамакка келишет. Ал эми жакында эле 22 жаштагы балалуу келин келди. Көрсө, анын ата-энеси жок экен. Турмушка чыгып, балалуу болуптур. Күйөөсү иштебейт экен. Мындан тышкары жашы 40тардагы аял бар. Тамак алгандан уялып, баласын жиберет же баары кетип жатканда келет. Биз ага атайын тамак калтырып коебуз.

Жыл өткөн сайын муктаж адамдар көбөйүүдө. Ар бир адамдын өзүнүн кайгылуу окуясы болот. Эл бекер тамак үчүн жакшы жашоодон келбейт…», — деди Н.Акматов.

Анын айтымында, адамдар бир эле учурда бир нече порция алышат. Маселен, Кара-Балта көчөсүнөн келген бир аял түшкү тамакты 8 кишиге алат. Жарандар банкаларды, айнек идиштерди, контейнерлерди алып келишет. Ал эми бир карыя дайыма кичинекей чака алып келип, бир жумага алып кетет. Өзү жалгыз жашайт. Дайыма палоо, борщ же буурчак шорпо жасалат, бирок эт жок.

«Муктаж болгондорго бекер түшкү тамакка азык-түлүк сатып алуу үчүн мен тынымсыз демөөрчүлөрдү издеп жүрөм. Дүкөн, наабайкана жана башкалардын ээлери жардам беришет. Азыр кары-картаңдардын жашоосу бир аз жеңилдеди. Анткени пенсиясы бар. Балдары жардам берет, өздөрүнүн турак жайы бар. Бирок жаштарга кыйын. Көпчүлүгү турак жайды ижарага алып, жумуш издөөгө аргасыз. Эгер балдары бар болсо, бул бир топ кыйын. Көпчүлүгүнүн уну, майы, көмүрү жок.

Пример HTML-страницы

Акысыз түшкү тамак жума күндөрү, айына эки жолу берилет. Биз ысык тамак эле эмес, жылуулукту да бөлүшөбүз деп ишенем», — деп бөлүштү Нурдин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️