Пример HTML-страницы

Кара-Балтада адаттан тыш жөргөмүш табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургунунун үйүнөн «белектерди алуучу» жөргөмүш табылды.

«Биз ваннанын раковинасынын астынан чоң жөргөмүштү байкадык. Бир нерсени кайтарып жаткандай болду. Жакыныраак карасак, өзүнө окшогон ак кокон кармап турганын көрдүк. Жөргөмүштү алгач банкага салып, анан коё бердик», — дейт жергиликтүү тургун.

Биолог Ирина Стежко бул жөргөмүш «укмуштуудай пизаура» деп аталарын айтты. Бул Европада жана Азияда кеңири таралган.

«Бул түрдөгү жөргөмүштөр тез жана кыймылдуу күндүз мергенчилер болгондуктан, желе токубайт. Кыска басуу жана секирүү менен Писаура олжо издеп, чөптөрдүн арасында жүрөт. Жаздын аягында — жайдын башында жөргөмүштөрдө жупташуу мезгили башталат. Бул түрдөгү жөргөмүштөрдүн жүрүм-турумундагы эң кызыктуу нерсе.

Көбөйүү мезгилинде бул түрдүн эркектери ургаачыларга «белек» — ак коконго оролгон тамакты сунушташат. Кээде белектер жегенге болбойт, бул тууралуу ургаачы жупташуу учурунда кокону чечкенден кийин гана билет. Белеги жок эркектер аялдардын көңүлүн 50 пайыз азыраак бурушат. Кээде эркектер таштандынын ар кандай түрүн кооздошот, ал эми ургаачылары жыт сезүү сезимин колдонуп, кокондо катылган тамактын чын экенин аныкташат. Ошентип, алар жыттуу эмес болсо, белектерден качышат. Ургаачыларды алдоо үчүн эркектер жеген тамактын калдыктарын коконго ороп коюшат», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE