Кара-Балта шаарынын тургундары сууга чөмүлүү жөрөлгөсүн аткарышты

Кара-Балта шаарынын тургундары сууга чөмүлүү жөрөлгөсүн аткарышты Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургундары Сосновка айылына жакын жердеги Кара-Балта суусуна чөмүлүү үчүн келишет.

Православ христиандары ыйык чокунуу майрамын белгилеп жатат. Бул Иса пайгамбардын туулган күнү майрамдалган соң белгиленет.

Жашоочулардын айтымында, сууга ишембиден жекшембиге караган түнү келишет. Себеби бул учурда суу өзгөчө дарылык касиетке ээ болот.

Ыйык чокунуу христиандардын 12 башкы майрамдарынын бири болуп саналат. Евангелие боюнча, бул күнү Иисус Христос Иордан (Израиль) дарыясына чөмүлгөн.

«Касиеттүү сууга чөмүлгөндөн кийинки сезимдерди сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес. Бул сезимдер бир жылга жетет», — деди жашоочулардын бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️