Кара-Балта шаарынын мугалими эл аралык автордук ыр фестивалынын лауреаты болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарынын математика сабагынан берген мугалим эл аралык автордук ыр фестивалынын лауреаты болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Надежда Волкова 29 жылдан бери Кара-Балтадагы мектептердин биринде жогорку класстын окуучуларына математика жана физика сабагын берет. Ал 35 жылдан бери ыр жазып келет. Бала кезинен эле ыр жазып баштаган, бирок чындап ыр дүйнөсүнө келишине 1989-жылы апасы каза болгондон кийин башталган. Ошондон бери Надежда Крещенская деген каймана ат менен 3000ден ашык ыр жазган.

Быйыл ал алгачкы жолу Ысык-Көлдө өткөн автордук ыр фестивалына катышты. Ага Россия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Мальтадан 250гө жакын автор жана аткаруучулар келишти. Надежда Волкова орусиялык Алексей Жигальцев аттуу музыкант жазган «Я в тебя закуталась, как в плед» романсын аткарган.

«Даярдыктар жүрүп жатканда сынак үчүн даярдаган 2019-жылы жазылган Ысык-Көл жөнүндө ырымды эмес башкасын окууну сунушташты. Бул ырым көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды.

Мен толкунданууну жеңип гана тим болбостон, калыстар тобунун катуу талаптарына көнүшүм керек болду. Финалда музыкалык «минусовканы» колдонууга уруксат беришкени менен сынга кабылдым. Ошого карабастан «Акын-жазуучу» номинациясынын жеңип алдым.

Ырларыма болгон көрүүчүлөрдүн реакциясы, калыстар тобунун баасы эң чоң сыйлык болду. Мен үчүн автордун поэзиясынын актуалдуулугун түшүнүү, көрүү жана сезүү маанилүү болчу. Көрсө, бүгүнкү күндө поэзия Кыргызстанда жашайт экен. Ошондой эле элге абдан кызык жана керек экен», — деди Надежда Волкова.

Пример HTML-страницы

Ал чоң класстын окуучулары үчүн долбоор иштеп чыккан. Анда окуучулар белгилүү акындардын жана өздөрү жазган ырларды окушат. Долбоор аркылуу балдардын турмуш тууралуу ой жүгүртүүсүнө жардам берип, адабиятка жана окууга болгон кызыгуусу ойгонот. Дал ушул чыгармачылык менен билимдин байланышы Надежда Волкованын чыгармачылыгын өзгөчө мааниге ээ кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️