Кара-Балта шаарынын мэри спортчуларга сыйлык тапшырды

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов мелдештерде жеңишке жетип, ийгилик жараткан спортчуларды куттуктады.

Маалым болгондой, калаа башчысы спортчуларга ыраазычылык каттарын жана 30 000 сомдун сертификатын тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземи мэриянын жыйындар залында өттү.

Сыйлык «Манас» спорт клубунун грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Валентин Малютинге, V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эр эңиште 3-орунду алган Калыбек Бузурманкул уулуна, грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Нурсултан Куштарбек уулуна тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️