Кара-Балта шаарынын 18 көчөсүндөгү суу түтүктөрдү алмаштыруу иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында «Суу түтүктөрүн алмаштыруу» долбоору ишке ашырыла баштады, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шаардын 18 көчөсүндө таза суу түтүктөрүн толугу менен алмаштыруу пландалууда.

Көчөлөрдүн жалпы узундугу 23 528 метрди түзөт. Иштин баасы — 120 миллион 142 миң 843 сом. Бул каражат Кара-Балта шаарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сомдон алынат.

Учурда Жайыл Баатыр көчөсүндө — Почтовая көчөсүнөн Т.Владимирова көчөсүнө чейин, 4987 метр аралыкта жана Луговой көчөсүнө чейин, 6217 метр аралыкта таза суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Ал эми чыгашалардын суммасы 38 миллион 515 миң 872 сомду түзөт.

Кийинчерээк суу түтүгүн алмаштыруу иштери Кожомбердиев, Фрунзе, 8-март, Владимирова, Биринчи май, Совет, Жаштык, Дзержинский, Дачный, Береговый, Железнодорожный, Агрономический, Громовый, Садовой, Ильич көчөлөрүндө башталат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️