Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарындагы ЖЭБ мэриянын балансына өтүүдө

Акыркы жанылыктар

Turmush«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Кара-Балта филиалы Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өтүүдө. Шаардык кеңеште шаардык ЖЭБ шаардын балансына өткөрүү маселеси каралды.

Жыйынга депутаттардан тышкары шаар жана «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын жетекчилиги дагы катышты.

«Бүгүнкү күндө шаардык ЖЭБ менен «Апросах» ААКга мамлекеттик субсидиялар 300 млн сомго жакын каражатты түзөт. Бул сумма Кара-Балта шаарынын жалпы бюджетине барабар. Эгер шаардын бюджети көбөйтүлбөсө, анда Кара-Балта шаарындагы отканалардын ишин каржылоого каражатты кайдан алабыз?», — деп суроо узатты депутат А.Ажыматов.

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын жетекчиси Сергей Мельников ишкананын өзүн-өзү каржылоого өтүшүнө дагы 4 жыл убакыт бар экенин айтты.

«2023-жылга карата субсидия 285 млн сомду түздү (шаардык ЖЭБ жана «Апросах»). Субсидиялар 2028-жылга чейин берилет. Учурда КР Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинде электр энергиясына болгон тариф көтөрүлгөндөй эле жылуулук энергиясына да тарифтерди этап менен көтөрүү маселеси каралууда. Азыр коомчулукта жылытуу мезгили башталганга чейин тарифтерди көтөрүү боюнча долбоор талкууланууда. Анда болжол менен 2024-жылдын 1-июлунан тартып пайдалануу аянты 80 чарчы метрден ашпаган үйлөр менен батирлер өзүнүн баасында деп пландаштырылууда. Башкача айтканда, аянты 80 чарчы метрге чейинки борборлоштурулган жылытуусу бар үйлөр жана батирлер үчүн социалдык тариф колдонулат. Ал учурда бир гигакалория үчүн 1248 сомду түзөт.

Ал эми турак жай аянты 80 чарчы метрден ашкан абоненттер үчүн толук нарк боюнча тариф колдонулат. Бул коомдук угуулар өткөрүлүп жаткан долбоор гана экенин баса белгилеп кетейин. Бул Бишкек шаарында гана ишке киргизилиши мүмкүн», — деди Сергей Мельников.

Сессиянын жыйынтыгында депутаттар «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын объекттерин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө» токтом долбоорун жактырышты.

———

Кара-Балта шаарын жылуулук менен эки ишкана камсыздайт. Алардын бири «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси» филиалы жана «Апросах» ААКнын ЖЭБи.

«Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын абоненттеринин жалпы саны — 9421, ысык суу менен камсыздоо кызматын колдонгондордун саны — 17 миң 615, жылуулук менен камсыздоо кызматын колдонгондордун саны —19 миң 191 абонент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE