Кара-Балта шаарындагы пенсионер көп кабаттуу үйдүн кире беришин «эстетикалык» жайга айландырды

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Ковровщиков кварталынын тургуну Ольга Кобоева көп кабаттуу турак үйдүн кире беришин сүрөттөр менен кооздоп, айрым жерлерине картиналарды илип, үй гүлдөрүн койду. Жада калса эс алууну каалагандар үчүн отургучтар, килемдер да бар.

Ольганын айтымында, ал ар дайым кооздуктардын курчоосунда жашоону кыялданчу. Пенсияга чыгып, кыялын орундаткан.

«Бул иш менен алек болгондо, бардык көйгөйлөрдү унутуп калам. Бул мага ырахат тартуулайт. Кошуналарга дагы жагат. Мен аларды кайра-кайра ыраазы кылганга аракет кылам. Мен бул үйдө 30 жылдан бери жашап келем. Таза, тыкан кармайм. Мен беш жыл мурун пенсияга чыктым, бош убактым көп, аны подъездимди көрктөндүрүүгө жумшайм. Мындай кооздук акыркы эки жыл ичинде жасалган. Батирди оңдогондон кийин боёк калган болсо, аны сөсүз кире беришке колдоном. Элдер эски буюмдарын ыргытып жиберишет. Мисалы, эски отургучтарды, тумбочкаларды, килемдерди, гүл идиштерди алып келгем. Аларды жууп тазалап, анан колдоно берем. Кире беришти өзүм боёйм, эч кимге ишенбейм. Бирок жашоочулардан акиташ, щетка, боёк үчүн акча чогултам. Акыркы оңдоп-түзөөдө 10 килограмм акиташ, 2 банка полдун боёгун жана ар кандай түстөрдү алуу үчүн ак боегун алдым. Мен дубалдарды түркүн түстүү сүрөттөр менен кооздоп көрүүнү чечтим. Мен сүрөтчү эмесмин. Бирок гүлдөрдү, козу карындарды, көпөлөктөрдү ушинтип тарттым. Мен бул бурчту жандандыруу үчүн отургучтарга жана тумбочкаларга гүлдөрдү койдум. Мындай түстөрдөн жан дүйнө жайдары болуп калат. Ал эми кышкы күндөрдө, сыртта суук жана ным болуп турганда, биздин подъездге келгенге өзгөчө жагымдуу болуп турат. Биздин кире бериштин босогосун аттаганда эле кыштан жайга киресиң», — деди ал.

О.Кобоева 65 жашта. Кара-Балта шаарындагы №3 орто мектепте 41 жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип, ошол эле мектептен пенсияга чыккан.

«Мен эч кандай сынактарга катышкан эмесмин, жан дүйнөм үчүн жасайм. Менимче, бул башка адамдарга да таасир этет. Тегерегиңиз таза жана кооз болгондо, сиз таштанды таштагыңыз келбейт. Балким кандайдыр бир ички тартип бардыр. Кире бериши башаламан болгондорду түшүнбөйм. Алар ушундай жайда болууну жактырабы? Тартипке келтирүү оңой, болгону боёк, акиташ жана каалоо керек. Эмне үчүн элибиз мынча кайдыгер, пассивдүү? Бирок бул өзгөчө жаштарга тиешелүү. Жана дагы бир маанилүү жагдай бар. Биз эч качан жумушчуларды жалдабайбыз, баарын өзүбүз жасайбыз — боёп, агартабыз, тазалайбыз. Сиз косметикалык оңдоо үчүн жеке жумушчуларды жалдап жатканда, ал ар дайым сиз ологондой жасап бербейт. Биринчиден, курулуш материалдарын алыш керек жана жумушчуларга төлөш керек. Экинчиден, өзүң үчүн жасаганда ар бир бурчту иретке келтиргенге аракет кыласың, анткени бул сенин кире беришиң, үйүң, көчөң экенин билесиң. Өзүң жасаганда сүйүүңдү салып жасайсың», — деп белгиледи кара-балталык айым.

Пенсионердин кире беришинен башка дагы көптөгөн иштери бар. Ал 90 жашка чыккан карыган апасын багууда. Жакында эле өзүнүн кызы төрөп, эми небересин багуу керек.

Пример HTML-страницы

«Мен турак үйдүн башчысы болбосом да, эмнегедир кошуналар мага дайыма суроолор менен келишет. Кире бериштеги лампаларды да карап турам. Мындай кылдаттык жаш кезимден бери сакталып калгандыр. 19 жашымда мектепке вожатый болуп жумушка орношком. Жылдар өттү, бирок жан дүйнөмдө активдүү пионер лидери сакталып калды. Жолдошум жана көп тааныштарым түшүнбөйт. Күйөөм мени аяйт, бирок эч нерсе өзгөрбөй турганына көнүп калган. Мисалы, үйүбүзгө 40 жыл болду. Бул жерде жер төлө бар, аны да тазалайлы деп чечтим. Кошуналардан акча чогултулган. Эки «КамАЗ» таштанды алып чыктык. Эмнелер гана жок! Батирди оңдоп, жер төлөгө таштандыны ыргытышат. Тазалоого ким чыкпаса, ошолор акча беришет. Ал эми калганы чыгышат. Ошондой эле чатыр көйгөйү чечилди. Көгүчкөндөр учуп келбеши үчүн чатырды тор менен жаап койдук. Көп кабаттуу үйлөрдүн көйгөйлөрүн ушинтип чечиш керек. Албетте, бизге активдүү жана камкор, демилгечилер керек. Ал эми эч бир мамлекеттик кызмат үйүңдү иретке келтирүүгө жардам бербейт. Муну тургундар өздөрү жасашы керек. Анткени көп кабаттуу үйлөрдүн баары менчиктештирилип кеткен. Бул биздин менчигибиз жана алар үчүн биз гана жооп беребиз», — деп кошумчалады мурдагы мугалим.

Албетте, ар бир адам тазалык жана комфорт өкүм сүргөн үйдө жашоо алда канча жагымдуу экенине кошулат. Кара-Балта шаарынын көп подъезддеринде бул кыял гана болсо, Ковровщиков кварталынын 14-үйүндө бул иш жүзүнө ашкан. Ичинде таң калтыра турган көрүнүш бар, сыртынан таптакыр көрүнбөгөн үй. Бул, албетте, кире беришти иретке келтирүү кыйын эмес экендигинин мисалы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️