Кара-Балта шаарында жаңыланган сейил бак жана калкты тейлөө борбору ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында төмөнкү сейил бактын жана калкты тейлөө борборунун имаратынын ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самат Исманов, Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов, мекеме-түзүмдөрдүн жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Төмөнкү сейил бак Турар Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 51690 чарчы метрди түзөт. Каржылоо булагы: максаттуу трансферттен 30700,0 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 9250,0 миң сом.

Сейил бакта аткарылган иштер:

— жарыктандыруу толугу менен 100% алмаштырылды, 58 даана жарык мамылары орнотулган;

— тегерек-четин 600 метр темир тосмо менен тосуу 100% аткарылды;

Пример HTML-страницы

— 1 даана оргума жана 3 даана эстелик реконструкцияланды;

— 2790 чарчы метр таш таман, 7508 чарчы метр асфальт төшөлдү;

— 1500 даана бордюр жол жээгине орнотулду;

— 5 балдар аянтчасы коопсуз каптоо менен орнотулду.

— 70 даана отургуч жана урналар орнотулду.

Ал эми какты тейлөө борбору Свердлов көчөсүндө жайгашкан. 2023-жылдын 6- октябрынан тартып паспорт столун кайрадан пландаштыруу менен оңдоп-түзөө иштери башталып, бүгүнкү күндө 100%га курулуш иштери бүткөрүлдү.

Жайыл өнүктүрүү фондунан 3167,4 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 14543,3 миң сом бөлүнүп берилген. Имарат 2 кабаттан туруп, калкты тейлөө борбору 1-кабатта жайгашкан. Жалпы аянты 844 чарчы метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️