Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төмөнкү сейил бактын жана калкты тейлөө борборунун имаратынын ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самат Исманов, Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов, мекеме-түзүмдөрдүн жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Төмөнкү сейил бак Турар Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 51690 чарчы метрди түзөт. Каржылоо булагы: максаттуу трансферттен 30700,0 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 9250,0 миң сом.
Сейил бакта аткарылган иштер:
— жарыктандыруу толугу менен 100% алмаштырылды, 58 даана жарык мамылары орнотулган;
— тегерек-четин 600 метр темир тосмо менен тосуу 100% аткарылды;
— 1 даана оргума жана 3 даана эстелик реконструкцияланды;
— 2790 чарчы метр таш таман, 7508 чарчы метр асфальт төшөлдү;
— 1500 даана бордюр жол жээгине орнотулду;
— 5 балдар аянтчасы коопсуз каптоо менен орнотулду.
— 70 даана отургуч жана урналар орнотулду.
Ал эми какты тейлөө борбору Свердлов көчөсүндө жайгашкан. 2023-жылдын 6- октябрынан тартып паспорт столун кайрадан пландаштыруу менен оңдоп-түзөө иштери башталып, бүгүнкү күндө 100%га курулуш иштери бүткөрүлдү.
Жайыл өнүктүрүү фондунан 3167,4 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 14543,3 миң сом бөлүнүп берилген. Имарат 2 кабаттан туруп, калкты тейлөө борбору 1-кабатта жайгашкан. Жалпы аянты 844 чарчы метрди түзөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.