Кара-Балта шаарында коомдук транспорттордун жол киреси кымбаттайт

Акыркы жанылыктар

Turmush1-сентябрдан тарта Кара-Балта шаарында коомдук транспорттордун жол киреси кымбаттайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шаардык кеңеш шаар ичинде каттаган микроавтобустардын жол киресин 20 сомдон кылып бекитти. Мурда тариф 15 сомдон болуп келген. Майыптарга, 4-класска чейинки окуучуларга жана пенсионерлерге жол кире 15 сом болот. Мурда бул тариф 10 сом болчу.

Шаарда жол кире акысы акыркы жолу 2021-жылдын 23-ноябрында көтөрүлгөн. Айдоочулар жүргүнчүлөрдүн 80% «льготниктер» экенин айтышкан.

Мындан тышкары автотранспорттук ишкана Бишкекке каттаган унаалардын да жол киресин көтөрүүнү демилгелеп жатат. Кара-Балта–Бишкек каттамындагы тарифти 75 сомдон 90 сомго, Кара-Балта–Дордой каттамындагы тарифти 95 сомдон 110 сомго көтөрүү сунушталууда. Бул маселе Бишкекте каралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️