Кара-Балта шаарында доллардын баасы 80 сомго түштү

TurmushБүгүн, 30-мартта Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы банк жана акча алмаштыруучу жайларда доллардын баасы түшкөнүн аймактык кабарчы билдирди.

Шаардагы акча алмаштыруучу жайлардагы маалымат боюнча, доллардын баасы 80 сом (сатып алуу) болсо, сатуудагы баасы 84 сом. Доллардын наркы февраль айында көтөрүлүп, 1 доллар 105 сомго жеткен. 16-марттан тарта АКШ доллары арзандай баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️