Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарында чоң жарылуу катталды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында өнөр жай ишканаларынын биринде жарылуу катталып, чоң өрт чыкты.

Окуя 2023-жылдын 3-июнунда саат 22:10 чамасында «Голден Магнат» ЖЧКсына таандык алтын бөлүп алуу фабрикасынын өндүрүштүк аянтында катталган. Ишкана шаардык ЖЭБ менен «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ачык акционердик коомунун ортосунда жайгашкан. Өрт түштүк өнөр жай аймагында курулуп жаткан фабрикада чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чечинүүчү жай күйүп, андан соң алтынды алууда колдонулган реагенттер сакталган кампа өрттөнүп кеткен.

Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрт саат 22:50дө толук өчүрүлгөн. Жабыркаган аянт 250 чарчы метрди түзгөн.

«Кампада селитра жана каустикалык сода сакталган имиш. Өрттүн келип чыгуу себептери жана кесепеттери аныкталды. Жабыркагандар жок», — деди ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы Эркин Мүсүралиев.

Видеодогу ак түтүн тургундардын шаардагы экологиянын коопсуздугу боюнча көптөгөн суроолорун жаратты. Жайыл районунун акиминин орун басары Асылбек Нурбеков да бул маселени акимчилик өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында «Голден Магнат» ЖЧКсы 2023-жылы 17-фервалда кайра каттоодон өткөн. Директору катары Күреңкеев Азамат Хажимуратович көрсөтүлгөн. Ишмердүүлүгү баалуу — металлдардын рудаларын казып алуу жана байытуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE