Кара-Балта шаарында чоң дарак турак үйгө кулады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында чоң дарак турак үйгө кулады.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 12-июнда саат 20:30 чамасында катуу шамалдын кесепетинен көп жылдык кара жыгач дарагы Пальмиро Тольятти көчөсүндөгү турак үйгө кулаган. Тиешелүү кызматтар кулаган даракты алышты. Ошондой эле турак үйгө жана чатырына зыян келтирилген жок.

Күбөлөрдүн айтымында, кыска убакыт аралыгында катуу шамалдын кесепеттери жоюлду.

«Дарактын чоң тамыры кошо чыгып, асфальтка, бордюрга чейин жайылды. Ал эки үйгө, чатырга, электр зымдарына кулады. Кесепеттерди жоюу иштерине «Универсал» муниципалдык ишканасынын жана Жайыл РЭТтин кызматкерлери тартылды. Электриктер электр зымдарын иретке келтирсе, коммуналдык кызмат даракты аралап, эвакуатор менен чатырдан алып түштү. Бул иштер саат 00:50 чамасында бүттү. Эң негизгиси жашоочуларга жана унааларга коркунуч келтирилген жок», — деди тургундар.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️