Кара-Балта шаарында бир нече көчөгө асфальт төшөлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарындагы бир нече көчөгө асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Т.Кожомбердиев көчөсүн бойлой бордюрлар орнотулду.

«Ал эми ирригациялык системаны орнотуу жана тротуарларды оңдоо 2025-жылга пландалууда. Капиталдык оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөө иштери дайыма жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Оңдоо иштери:

1. Жайыл баатыр көчөсүнөн темир жолго чейинки (Фрунзе көчөсү) тилкеде асфальттоо иштери жүрүүдө. Асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери аяктап, экинчи катмары төшөлүп башталды. Аталган тилкеде жумуш 2024-жылдын 4-октябрында аяктайт.

Пример HTML-страницы

2. 2024-жылдын 3-октябрында темир жолдон (Фрунзе көчөсү) Шопоков көчөсүнө чейинки тилке оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Оңдоо иштери ушул жылдын 30-октябрына чейин жүрөт.

3. Шопоков көчөсүнөн К.Маркс көчөсүнө чейинки тилкеде асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын 20-октябрында жол тилкеси ачылат.

4. К.Маркс көчөсүнөн Кырбашова көчөсүнө чейин 2 катмар асфальт-бетон төшөө иштери аяктап, жол чийиндерин чийүү иштери жүрүп жатат.

5. Кырбашова көчөсүнөн баштап «Т» формасындагы кесилишке (Т.Владимирова) чейинки бөлүгүндө жолдун негизи даярдалып, асфальт төшөө иштерине даярдык көрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️