Кара-Балта шаарында ак халатчандарга сый көрсөтүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Балта шаарынын Ленин атындагы маданият үйүндө медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын жетекчилери ак халатчандарды кесиптик майрамы менен куттукташты.

Майрамдын урматына 8 медицина кызматкери «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» белгиси менен сыйланышты. Аларга райондук мамлекеттик администрациясынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана мэриянын ардак грамоталары тапшырылды.

Райондо аймактык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бөлүм сыяктуу медициналык мекемелер бар. Анда жалпы 773 медицина кызматкери, анын ичинде орто жана кенже медициналык кызматкерлер иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️