Кара-Балта шаарына качан жылуулук берилери белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында 1-ноябрдан тарта жылуулук берилип баштайт.

Turmush басылмасына маалым болгондой, бүгүн, 25-октябрда Кара-Балта шаарында күз-кыз мезгилине даярдык боюнча штабдын отуруму өттү. Анда 2024-жылдын 1-ноябрынан тарта жылуулук берүү чечими кабыл алынды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар турак үйдө жашагандар жарым ай мурун от жагып баштаганын, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер күндүз жылуу болгону менен түнкүсүн суук болуп жатканын айтышкан.

Ал эми Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы күз-кыш мезгилине даярдык комиссиясынын мүчөсү, Жайыл районунун башкы санитардык дарыгери Осмоналы Жолдошбаев «Кара-Балта жылуулук энерго борбору» толугу менен жылытуу мезгилине даяр экенин билдирген болчу.

Жылытуу мезгили аба ырайынан көз каран. Тактап айтканда, нормага ылайык, эшикте 5 күн катары менен +8 градус болгон учурда жылуулук берилет.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️