Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн. Мэр аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын жетекчилиги ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди.

Мэриянын маалыматы боюнча, Кара-Балта шаарынын мэриясынын тарыхында биринчи жолу мэр Мирлан Жекшенов республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сом максаттуу трансферттин алкагында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен тааныштыруу максатында пресс-тур уюштурууну демилгеледи. Иш-чарага вице-мэр Рыскулбек уулу Нурмат, аппарат жетекчиси Ражу Норузбаев, «КВК» муниципалдык ишканасынын директору Галым Сарсембаев жана башкалар катышты.

Пресс-турдун максаты мэриянын жана мэрияга тиешелүү ишканалардын маалыматтык ачык-айкындуулугуна жетишүү болуп саналат.

Алгач «Жол куруу башкармасы» муниципалдык ишканасы тааныштырылды. Анда асфальт-бетон заводунун курулушу пландалып жатканы айтылды. Ошондой эле таш майдалоочу цех, бетон завод, жол белгилерин чыгаруучу цех курулуп, атайын жол куруучу техника алынат.

Андан соң эл аралык стандарттагы 140 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен тааныштырылды. Бала бакчанын аймагында курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Подрядчы жаңы имараттын пайдубалын куюп бүттү.

Пример HTML-страницы

Шаар мэри Мирлан Жекшенов социалдык маселелерди чечүү шаардык мэриянын маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Андан ары пресс-турдун катышуучулары 8 курулуш жана реконструкциялоо объектилери боюнча төмөнкү парктын аймагы менен таанышты. Бир нече подрядчы уюмдар тарабынан ирригация, жарыктандыруу, тротуарларды, чуркоо жолдорун, балдар аянтчаларын жана башка объектилерди калыбына келтирүү боюнча оңдоо иштери жүрүп жатат.

Шаар мэри Мирлан Жекшенов жыйындын катышуучуларына 5 жаңы насостук станция орнотуу, Жайыл баатыр көчөсүнө жаңы түтүктөрдү орнотуу жана 8-март, Свердлов, Т.Кожомбердиев көчөлөрүндөгү иштердин улантылышы боюнча айтып берди. Ал ошондой эле «Коопсуз шаардын» алкагында шаардын бардык аймагында адамдын жүзүн тааныган жана унаалардын номурларын каттоочу 34 видеокамера орнотулганын кошумчалады. 2023-жылы 20 камера орнотулган.

Мындан тышкары шаар мэри максаттуу которууну (трансферт) ишке ашыруунун алкагында П.Тольятти көчөсүндөгү 2580 метр узундуктагы жол жана үстүңкү көрүстөнгө чейинки 1280 метр жол капиталдык оңдоодон өткөндүгүн билдирди.

Аягында калкты тейлөө борбору менен тааныштырылды. Учурда бул жерде көрктөндүрүү жана кирүүчү жолдорду уюштуруу иштери жүрүүдө. Бул жерде суроо-жооп форматы уюштурулду.

«Чогулгандар жарыктандыруу, жолдорду оңдоо боюнча суроолорду берип, шаардагы иштердин жүрүшү менен таанышып, кеңири форматта талкуу уюштурулганына ыраазычылык билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️