Пример HTML-страницы

Каптал-Арык айылында «Алыкул фест» арт-фестивалы өтүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 15-июнда Чүй облусунун Панфилов районунда эл аралык «Алыкул фест» арт-фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Акын Алыкул Осмоновго арналган эл аралык фестиваль анын кичи мекени Каптал-Арык айылындагы А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин аянтында уюштурулду. Иш-чарага республиканын бардык аймагынан акын-жазуучулар, сүрөтчүлөр, скульпторлор, обончу-аткаруучулар, кол өнөрчүлөр жана Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстандан маданият кызматкерлери жана коомдук ишкерлер катышууда.

Иш-чара акындын эстелигине гүлчамбар коюу менен башталып, ага багышталып куран окулду. Аянтка боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду. Акынды дүйнөгө таанытуу максатында өтүлүп жаткан эл аралык фестивалга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен өкүлдөр, президенттин Чүй облусундагы жетекчилиги да катышууда.

Фестивалдын жыйынтыгы менен тандалып алынган адабий, илимий маалыматтар кеңири топтолуп, 2025-жылы өтө турган Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгын республикалык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE