Капитан Саламат Курманбекованын кызмат учурундагы окуясы

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Саламат Курманбекова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Каарманыбыз 1998-жылдын 25-августунда Кемин районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

«Башынан эле лидерлик сапаттарга ээ болгондуктан биздин айылдан биринчилерден болуп милиция кызматкери болууну чечтим. Классташтарымдын көбү академияга өтө албай калган. Мен болсо эң жогорку бал топтоого аракет кылдым. Анан дагы ИИМдин академиясына окууга боюм дагы менен салмагым дагы дал келчү.

2015-жылы Э.Алиев атындагы академияга тапшырып, 2019-жылы аяктагам. Академияда окуп жүргөндө самбо күрөшүнө, телевидениеге, хорго да чыгып жүрдүм. Ал кылган эмгектерим үчүн ички иштер министринин өзүнөн ыраазычылык кат алгам», — деди ал.

Саламат Курманбекованын жолдошу дагы милиция кызматкери.

«Жолдошум Бексултан Жээнбеков экөөбүз 1-курс кезимде таанышып, окууну бүткөнгө чейин жакшы дос болдук. Ал менден улуу. Ошентип билимди дагы чогуу алып, турмуш жолго да чогуу түштүк. Экөөбүз бир РИИБде эмгектенип, эртең менен чогуу кетип, кечинде чогуу келебиз. Ал Достук айылында аймактык тескөөчү, милициянын капитаны.

Пример HTML-страницы

Мени окууну бүткөндө эле Аламүдүн РИИБге тергөөчү кылып дайындап, жөнөтүшкөн. Ошондон бери эмгектенип келе жатам. Үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ ийгиликтерге жетишип, бир канча сыйлыктар менен сыйландым», — деди капитан айым.

Каарманыбыз жумуш үстүндөгү эң эсте калган окуясын айтып берди.

«Күнүмдүк күзөт учурунда бизге үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кабар түштү. Биз ыкчам топ менен жерине чыгып кеттик. Барган жерде өз өмүрүнө кол салууга аракет болуп жатканын айтышты. Шашып эле айтылган дарекке жетип келдик. Бир киши өз жанын кыймакчы болуп, бычак менен мойнун терең кесип салыптыр. Көрсө, жарандык жубайын өлтүрүп, короого көмүп салыптыр. Ал өлтүргөнүн өзү айтып берди. Биздин кызматкерлер көрсөтүп берген жерди казышса эле сасыган жыт «бур» этти. Мен ошол жыттан эле жансыз денени көрүүдөн көзүмдү ала качып, ары жылдым. Негизи анчалык деле коркуу сезим болбойт, бул биздин жумушубуз да. Бирок ошондогу сасык жыттан эле өлгөн аялдын денесин элестетүү кыйын болчу. Ошол себептен көргүм келген жок. Ушул окуя эмнегедир көпкө чейин эсимен кетпей жүрдү» — деди ал.

Каарманыбыз бош убактысында китеп окуганды жакшы көрөт. Бирок жумуш жана балдарына берген таалим-тарбиясынан улам, китеп окууга убакыт жетпей каларын белгиледи.

Ал сот кызматкери болууну дагы кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️