Пример HTML-страницы

Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин социалдык тармактар боюнча орун басары алмашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, акимдин социалдык тармактар боюнча орун басары кызматында буга чейин Кенжегүл Карагулова иштеп келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген Каныбек Эсеналиев дайындалды.

Ал 2017-жылдан бери райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE