Кантта кызылча кабыл алынган жайдын жанында жүк ташыган унаалар кагышты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кант шаарында жүк ташуучу унаалар катышкан жол кырсык катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, фуранын айдоочусунун ден соолугу начарлап, кант кызылчасын өткөрүү үчүн кезекте турган «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташыган унааны артынан сүзүп токтогон.

Ал эми Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кырсык боюнча тактоо жүрүп жатканын билдиришти.

Буга чейин Turmush Чүй облусундагы кант кызылчасын кабыл алган жайларда кезек күткөн жүк ташуучу унаалар көбөйгөнүн жазган.

Пример HTML-страницы

Күбөлөр Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарындагы «Кайыңды-Кант» заводуна унаалар бири-бирине жол бербей жатканын видеого тартып алган.

Ал эми Кайыңды шаарынын мэри Элнур Жумабаевдин айтымында, окуя 13-октябрда болгон.

«Бүгүн кезек күтүү өз орду менен кетип жатат. Чынында быйыл жүк ташуучу унаа көп келип жатат, түшүмдүүлүк абдан жакшы. Күнүнө 250 «КамАЗ», тактап айтканда, 4 миң тонна кабыл алып жатышат. Сезон башталгандан бери 60 миң тонна кабыл алынды. Дагы 70 миң тонна алганга план бар экен, андан кийин токтойт окшойт», — деген ал.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл Чүй облусунда кызылчанын түшүмү мол болгондуктан кезек күткөн унаалар көп болууда. Чүй облусунда жалпысынан 6 кызылча алуу пункту бар. Алар Кемин, Токмок, Ысык-Ата, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда жайгашкан. Ар бир пункта райондук милиция иштеп жатат.

«Ошондой эле азыркы учурда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан атайын тескеме түзүлдү. Кезек күткөн унаалар өз убагы менен кое берилип, ар кандай түшүнбөстүк жана бейбаштык аракеттер болуп кетпеши үчүн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милициянын көчмө кабылдама унаасы жеринде кызмат алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кезекте 80-90 унаа бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️