Кантта кошуналардын жаңжалы мушташка айланган. Окуянын жагдайлары белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 29-июнунда Ысык-Ата РИИБге Кант шаардык ооруканасында жаңжал чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда 29-июнда саат 07:00 чамасында талаа сугаруу учурунда кошуналар — 1994-жылы туулган М.Ж. менен 1966-жылы туулган Ш.М. жаңжалдашып, ал мушташка айланып, Кант шаардык ооруканасына түшкөнү аныкталган.

Аймактык ооруканада 1966-жылы туулган Ш.М.нын уулдары — 1994-жылы туулган Ш.А. жана 1997-жылы туулган Ш.А. эч себепсиз 1997-жылы туулган М.Ж.ны сабашкан. М.Ж. ооруканага 1994-жылы туулган агасы М.Ж.ны көргөнү келген.

Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБге 1996-жылы туулган Ш.М., 1994-жылы туулган М.Ж. жана 1997-жылы туулган М.Ж. арыз менен кайрылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пример HTML-страницы

2024-жылдын 26-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, окуяга тиешеси бар жарандар тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️