Кантта 13 миллион сомдук вирусологиялык лаборатория ачылды

TurmushКечээ, 8-апрель күнү Кант шаарында Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпимдемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ачылыш аземине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпимдемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Нурлан Байганаев жана башкалар катышты.

Бул лаборатория бир айда 120 пробаны алуу менен 1300 бейтаптын анализин чыгара алат. Лаборатория Ислам банкынын демөөрчулүгү менен курулуп, курулушунун жалпы сметалык баасы 13 миллион 400 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️